Бүгүн, 21-июлда Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Ивановка айылынын четинде жайгашкан Чоң Чүй каналына түшүп кеткен жаранды издөө-куткаруу иштери улантылууда.
ӨКМдин маалыматы боюнча, министрликтин 28 куткаруучусу жеринде иш алып барууда. Мындан тышкары, издөө иштерине ИИМден 14 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 70 адам катышууда.
Белгилей кетсек, 19-июлда 2004-жылы туулган Ю.А. аттуу жаран каналга түшүп кеткен.