ФИФА 2026-жылкы Дүйнө чемпиондугунда оюнчулардын көрсөткүчтөрүнүн негизинде мыкты футболчулардын рейтингин жарыялады.
Чабуулдагы мыкты оюнчу деп Франция курамасынын футболчусу Килиан Мбаппе табылды. Ал турнирде 8 оюн өткөрүп, 10 гол киргизип, 9,12 упай менен рейтингдин сап башына чыкты.
Экинчи орунду Англиянын жарым коргоочусу Жуд Беллингем, үчүнчү орунду Аргентинанын жылдызы Лионель Месси ээледи. Месси 8 оюнда 8 гол киргизди.
Эскерте кетсек, футбол боюнча Дүйнө чемпиондугу Испаниянын жеңиши менен жыйынтыкталды. Оюндар АКШ, Мексика жана Канада өлкөлөрүндө өтүп, мелдешке тарыхта биринчи жолу 48 курама команда катышты.