Чүйдө мас абалында унаа башкарып, жол инспекторлорунан качкан айдоочу кармалды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.
Маалымдалгандай, Mercedes Benz үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жол тескөөчүлөрдүн токтотуусуна карабай качып жөнөгөн. Бирок ал көп узабай эле колго түшкөн. Текшерүүдө анын мас экени аныкталган.
Бул факт боюнча айдоочуга карата тиешелүү протокол түзүлүп, унаа айып короого токтотулган.