Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда мал уурдоо фактысы боюнча 3 шектүү кармалды.
Облустун милициясы маалымдагандай, шектүүлөр Т.М. аттуу жарандын 3 жаштагы кунаажынын жана 1 айлык бука торпогун уурдап кетишкен. Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-1-беренесине ылайык, кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында шектүүлөр кармалып, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.