Ысык-Көл облусунун Тоң районунда төрт унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды.
Облустук ЖКККБнын басма сөз кызматы билдиргендей, карама каршы тилкеге чыкан Hyundai Palisade үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу Б.А. аттуу жаран 48 саатка камалып, сотко чейинки териштирүү иштери жүрүүдө.
Эскерте кетсек, аталган жол кырсыгында 16 жаштагы өспүрүм, 4 жаштагы бала жана эки айлык ымыркай көз жумду. Жаракат алгандар да бар. Окуянын видеосун жарандык активист бөлүштү.