Бүгүн, 21-июлда Чоң Чүй каналынан бир нече күндөн бери изделип жаткан 22 жаштагы жигиттин денеси ыктыярчылар тарабынан табылды.
Бул тууралуу куткаруу иштерине катышып жаткан тургундар билдиришти. Маркумдун жакындары жардамга кол сунгандарга ыраазычылык билдиришүүдө.
ӨКМ буга чейин 28 куткаруучусу жеринде иш алып барып, издөө иштерине ИИМден 14 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 70 адам жардам берип жатканын билдирген.
Эскерте кетсек, Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Ивановка айылынын четинде жайгашкан каналга түшүп, агып кеткен жаран 19-июлдан бери изделип жаткан.