Биз социалдык тармакта

Кара-Кулжа районунда 24 жаштагы аял асынган абалда табылды

Кара-Кулжа районунда 24 жаштагы аял асынган абалда табылды. Маалыматты бүгүн, 21-июлда Ош облустук милициясынын басма сөз кызматы тастыктады.

Маалымдалгандай, сөөк 18-июль күнү маркум жашаган үйдүн короосундагы мал сарайдан табылган. Окуя боюнча күбөлөр суралып, жансыз денеге сырттан кароо жүргүзүлгөн.

Маркумдун өлүмүнүн так себебин аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Топтолгон материалдын жана дайындалган экспертизанын корутундусунун негизинде мыйзамдуу чечим кабыл алынат. Учурда текшерүү иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан