Биз социалдык тармакта

Таласта мыйзамсыз жеке менчикке өтүп кеткен жер тилкелери мамлекетке кайтарылды

Талас облусунда мыйзамсыз жеке менчикке өтүп кеткен жер тилкелери мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан маалымдашты.
Маалымдалгандай, Көк-Ой айылындагы Талас токой чарбасына таандык 0,08 гектар жер тилкеси, ошондой эле Кең-Кол айыл өкмөтүндөгү аянты 25 чарчы метр болгон кампа курулмалары 0,12 гектар жер тилкеси менен биргеликте мыйзамсыз түрдө жеке менчикке өтүп кеткен.
Көрүлгөн прокурордук чаралардын негизинде наркы 4 миллион 798 миң сомду түзгөн жер тилкелери жана кампа курулмалары мамлекеттик жана муниципалдык менчикке кайтарылды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан