Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин буйругу менен өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүндө кадрдык алмашуулар болду. Муну бүгүн, 30-январда обладминистрациянын басма сөз кызматы билдирди.
Буга чейин өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары болуп иштеп келген Бакир Жолчуев кызматтан бошотулуп биринчи орун басары болуп дайындалды. Анын ордуна өкүлчүлүктүн аппарат жетекчиси Сейитбек Абдрахманов дайындалды.
Ал эми өкүлчүлүктүн аппарат жетекчиси болуп Жаныш Мусурманкулов дайындалды. Мусурманкулов буга чейин облус башчынын кеңешчиси болуп иштеп келген.