Баткендин Лейлек районундагы Коргон айылында жайгашкан объект боюнча чара көрүлдү.
Курулуш министрлиги маалымдагандай, Ж.К. аттуу жаран аныкталган объектти өз билемдик менен куруп, бильярд ойноочу жана унаа оңдоочу жай катары иштетип келген.
Жыйынтыгында ага карата административдик чара көрүлүп, аныкталган мыйзам бузууларды жоюу боюнча көрсөтмө берилди.