Кызмат мамлекеттик мекемеси маалымдагандай, эми никеге туруу боюнча арызды "Түндүк" тиркемеси аркылуу берсеңиз болот.
Бул кантип иштейт:
- Демилгечи "Никени каттоо" кызматын тандап, болочок жубайынын ИЖНин көрсөтөт жана Face ID аркылуу идентификациядан өтөт;
- Экинчи тарап билдирүү алгандан кийин маалыматтарды текшерип, макулдугун ырастайт жана өзү да Face ID аркылуу өтөт;
- Экөө тең арызды электрондук колтамга менен кол коюшат;
- Арыз автоматтык түрдө АИС ЖААКка каралуу үчүн жөнөтүлөт;
- Каралгандан кийин жыйынтык жөнүндө билдирүү аласыздар.