Биз социалдык тармакта

ИИМ менен Кытай элчилиги чет элдик жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт (видео)

Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов менен Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Лю Цзянпин өлкөдөгү Кытай жарандарынын мыйзамдарды сактоосу тууралуу талкуулашты.
ИИМдин маалыматына ылайык, жолугушууда өлкөдөгү Кытай жарандарынын арасында укук бузууларды алдын алууга багытталган маселелер, мыйзамдарды сактоо жөнүндө алардын укуктук маалымдуулугун жогорулатуу, өлкөнүн салт-санаасына, маданиятына жана коомдук тартибине урмат-сый менен мамиле кылуу боюнча чаралар талкууланды.
Тараптар эки өлкөнүн компетенттүү органдарынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү бекемдөөгө багытталган биргелешкен алдын алуу иш-чараларын мындан ары ишке ашырууга даяр экендигин билдиришти.
ИИМ Кытай элчиси менен жолугуп, өлкөдөгү Кытай жарандарынын мыйзамдарды сактоосун талкуулашты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан