Польшалык тургундун короодогу кургаткычтан кийимдери улам-улам жоголуп турган. Табышмак үй ээси “ууруну” кармаганда чечилген – анын кийимдерин жакын жердеги көлмөдө жашаган кундуз алып кетип жүргөн. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, тургун бул окуяны 19-июлда Facebook'тагы тематикалык топто бөлүшкөн. Анын айтымында, кундуз өзүн адаттан тыш алып жүрүп, жакындаганда ышкырып үн чыгарарын жазган.
Бир күнү ал жаныбардын короодогу жиптен ич кийимди тиштеп алып, сууга качып кеткенин көргөн. Буга чейин байпактары жана жумушчу футболкалары да жоголгон.
Окуя социалдык тармактарда кызуу талкууланып, колдонуучулар кундуз кийимдерди уя куруу үчүн чогултуп жаткан болушу мүмкүн деп тамашалашкан.