ФИФА Нью-Жерси штатындагы "MetLife" стадионунун тарыхый газонунун бөлүктөрүн сатыкка чыгарды. Бул тууралуу чет өлкөлүк маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Бул газондо 19-июлда футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун финалы өткөн. Коллекциялык сувенир катары сатылып жаткан газондун бөлүктөрүнүн баасы жасалгасына жараша 450 доллардан 3 миң долларга чейин жетет.
Газондун бөлүктөрү футбол күйөрмандары үчүн дүйнөлүк чемпиондуктун финалынан калган эстелик катары сунушталууда.