2030-жылы өтө турган футбол боюнча дүйнө чемпиондугуна 64 курама команда катышат. Бул тууралуу Түштүк Америка футбол конфедерациясынын (КОНМЕБОЛ) президенти Алехандро Домингес расмий түрдө билдирген.
Муну менен ФИФА дүйнө чемпиондугуна катышуучу командалардын санын катары менен экинчи ирет көбөйтөт. Эске салсак, 2026-жылкы дүйнө чемпиондугуна алгачкы жолу 48 курама команда катышкан.
2030-жылкы мундиалдын жаңы форматы тууралуу кошумча маалыматтар жана мелдештин регламенти кийинчерээк жарыяланары күтүлүүдө.