Кочкор районунда жол кырсыгы катталып, жубайлар каза болушту. Маалыматты Нарын облустук милициясынын басма сөз кызматы тастыктады.
Билдиргендей, карагаша кечээ, 21-июлда саат 11:55 чамасында Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун 111-чакырымында болгон. Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унаа менен Daewoo Matiz үлгүсүндөгү унаа сүзүшкөн. Натыйжада Daewoo Matiz унаасынын айдоочусу жана жүргүнчүсү окуя болгон жерде көз жумушкан.
Ал эми Мерседес-Бенц унаасынын айдоочусу жана жүргүнчүлөрү ар кандай жаракаттарды алышып, Кочкор райондук ооруканасына жеткирилишкен. Учурда жол кырсыгынын келип чыгуу себептерин аныктоо максатында тергөө иштери жүргүзүлүүдө.