Бишкек шаарындагы коомдук тамактануу жайларынын биринде болгон окуяга катышкан бардык жарандар майда бейбаштык үчүн жоопкерчиликке тартылды.
Борбор калаа милициясы кабарлагандай, аларга карата Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренесине (Майда бейбаштык) ылайык протоколдор түзүлүп, убактылуу кармоочу жайга киргизилишти.