2014-жылдын июнь айынан тарта токойчулардын айлык акысы жогорулайт. Бул туурасында КРнын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы Бактияр Абдиев билдирди.
Анын айтымында, буга чейин агенттиктеги эн биринчи маселе-токойчулардын эмгек акысы болуп келген. 2013-жылы казынанын тартыштыгынан улам айлык акы көтөрүлбөй калган.
Маалыматтарга караганда, токойчулардын эмгек акысы 900 сомдон башталат. Кээ бир тоолуу аймактарда 1500-2000 сом.