Биз социалдык тармакта

Артур Сапарбеков жайкы биатлон боюнча Азия чемпиондугунда коло медаль жеңди

Кечээ, 22-июлда Казакстандын Щучинск шаарында өтүп жаткан жайкы биатлон боюнча Азия чемпиондугунда Кыргызстандын улуттук курама командасынын мүчөсү Артур Сапарбеков коло медаль жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.

Артур Сапарбеков 7,5 чакырым аралыктагы спринт жарышында марага үчүнчү болуп келип, чемпиондуктун коло байгесине ээ болду. Мелдеш учурунда ал ок атуу тилкесинде эки ката кетирген. Анын бири жатып атуу, экинчиси туруп атуу этабында катталган.

Буга карабастан спортчу жогорку ылдамдык көрсөтүп, байгелүү үчүнчү орунду ээледи. Жайкы биатлон боюнча Азия чемпиондугу бүгүн, 23-июлда жыйынтыкталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан