Биз социалдык тармакта

Өзгөндө аял сатуучуга кол салуу болгон учурдун видеосу тарады

Интернет желесинде Ош облусунун Өзгөн районундагы сыра сатылган жайлардын биринде болгон жаңжалдын видеосу кеңири тарап жатат.

Видеодон эки эркек кишинин сатуучу аялга кол салып, алардын бири футболкасын чечип ыргытып, аялды чачынан тартып жатканын көрүүгө болот. Ошондой эле ошол жерде жүргөн өспүрүмдөр аларды токтотууга аракет кылып, тараптарды ажыратканы байкалат. Эки кишинин кол салуусуна сатуучу да жооп кайтарууга аракет кылган.

Учурда окуянын жагдайлары такталууда.

Өзгөндө аял сатуучуга кол салуу болгон учурдун видеосу тарады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан