Өзгөндө сатуучу аялга кол салуу боюнча териштирүү жүрүп жатат. Бул тууралуу Ош облустук милициясы маалымат берди.
Маалыматка ылайык, окуя 22-июлда Дөң-Булак айылындагы сыра заводунун жанындагы дүкөндө болгон. Анда мас абалындагы эркек кишилер алган спирт ичимдигин акчасын төлөөдөн баш тартып, жаңжал чыгарышкан. Анын жүрүшүндө эс алуу жайынын администратору, 1984-жылы туулган А.К. сабалып, денесинен жаракат алган.
Жабырлануучуга соттук-медициналык экспертиза дайындалып, окуяга тиешеси бар адамдардын өздүгү аныкталды. Учурда тергөө амалдары уланууда.
Белгилей кетсек, бул окуянын видеосу социалдык тармактарга тарап, коомчулуктун кызуу талкуусунда.