Ош облусунун Өзгөн районундагы сыра заводунун жанындагы дүкөндө сабалган аялдын окуясы боюнча кылмыш иши козголду.
Облустук милиция билдиргендей, аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 131-беренеси (Ден соолукка анча оор эмес) менен кылмыш иши козголду. Учурда күнөөлүүлөрдү аныктап, алардын аракеттерине туура юридикалык баа берүүгө багытталган тергөө аракеттери жүрүүдө.
Ал эми жабырлануучуга карата экспертиза дайындалды. Анын оң колунун манжаларынын бири сынгандыгы аныкталды.
Эскерте кетсек, буга чейин аталган окуянын видеосу интернет желесине тараган. Милиция жагдай боюнча толук түшүндүрмө берип, тергөө иштери уланып жатканын кабарлады.