УКМКнын Антитеррордук борборунда Артур Эрбаевдин жетекчилиги алдында Терроризмге каршы күрөшүү боюнча мекемелер аралык координациялык комиссиянын XVIII жыйыны өттү.
Атайын кызматтан билдиргендей, жыйында Кыргызстанда өтө турган маанилүү эл аралык иш-чараларга даярдык, ошондой эле социалдык жана стратегиялык мааниге ээ объектилердин терроризмге каршы коопсуздугун күчөтүү маселелери талкууланды.
Жыйындын жыйынтыгында мамлекеттик органдар үчүн конкреттүү тапшырмалар берилип, терроризмге каршы ишмердүүлүктүн негизги багыттары аныкталды.