2026-жылкы футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун жеңүүчүсү болгон Испаниянын улуттук курама командасы АКШнын бюджетине 15 миллион доллар салык төлөйт. Бул тууралуу Fox News билдирди.
Маалыматка ылайык, адатта Дүйнө чемпиондугу өткөргөн өлкөлөр жеңүүчү командаларды салыктан бошотуу боюнча макулдашууга келишет. Бирок АКШнын бийлиги Испаниянын футболчуларын өлкө аймагында киреше тапкан жеке салык төлөөчүлөр катары баалаган.
Эске салсак, Испания дүйнө биринчилигинин финалында Аргентинаны кошумча убакытта 1:0 эсебинде жеңип, алтын медалга ээ болгон.