ТИМ Орусиядагы кыргызстандыктарды сак болууга чакырды
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Орусиянын айрым аймактарында учкучсуз учуучу аппараттар менен жасалган чабуулдар тууралуу маалыматтарга байланыштуу ал жакта жүргөн кыргызстандыктарга кайрылуу жасады.
Министрлик жарандарды жеке коопсуздук чараларын күчөтүп, Орусиянын расмий органдарынын билдирүүлөрүнө көз салып турууга, коюлган талаптарды аткарууга жана мүмкүн болсо кооптуу аймактарга барбоого чакырды.
Ошондой эле аба коңгуроосу же өзгөчө кырдаал жаралса, куткаруу кызматтарынын жана башка тиешелүү органдардын көрсөтмөлөрүн так аткаруу сунушталды.
ТИМ өзгөчө кырдаалга кабылгандар же консулдук жардамга муктаж болгондор Кыргызстандын Орусиядагы элчилигине жана консулдук мекемелерине кайрылса болорун билдирди.