Сокулукта мал уурулук фактысына шектелип Баткен облусунун тургуну кармалды

Сокулукта мал уурулук фактысына шектелип Баткен облусунун тургуну кармалды. Бул туурасында Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын 24-январында милиция кызматкерлерине 50 жаштагы Сокулук районунун тургуну кайрылган. Анын айтымында, белгисиз адам сарайда байланып турган уюн уурдап кеткен.

Жогорудагы факты боюнча “мал уурдоо” беренеси менен кылмыш иши козголуп, бир катар оперативдүү-иликтөө иштери жүргүзүлгөн. Анын натыйжасында кылмышка шектелип, 21 жаштагы Баткен облусунун тургуну кармалган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
chingizhan01
2014-01-30 18:02:33
Жаш эле туруп уурулук кылып жашабагыр.
0
Eldiyar_vip2
2014-01-31 00:39:37
Мыйзам чегинде карап жазалаш керек,анан мин уйдун акчасындай сумманы синирип жиберген атка минерлерибиз деле журушотко эх эх нервин эле жалка.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан