"Абдыш-Ата" футбол клубу чет өлкөлүк оюнчулар менен келишим түзгөнүн жарыялады.
Тизмеде 23 жаштагы дарбазачы Тиагу Гомеш бар. Ал Кабо-Вердеден келген. Гомеш Дүйнө чемпиондугунда көрсөткөн оюну менен күйөрмандарынын купулуна толгон. Клуб замбиялык чабуулчу Инок Сакала менен да келишим түзгөн. Футболчу 24 жашта.
Ошондой эле тизмеде 29 жаштагы ганалык жарым коргоочу Элвис Сакини бар. Ал Ирактын "Аль-Кахраба" клубунан келген.