Биз социалдык тармакта

1 айда 1500дөн ашуун мас айдоочу кармалды

Өлкөдө 1 айдын ичинде 1500дөн ашуун мас абалда унаа айдагандар кармалышты. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, аларга 126 миллион сомдон ашуун айып пулдар салынган. Мас абалда унаа башкаргандар 6 айда 9600дөн ашкан.
Министрлик 20-июлдан тартып мас абалында унаа айдагандарга жаза күчөтүлгөнүн белгиледи. Жаңы мыйзамга ылайык, мас абалда унаа айдаган айдоочу айдоочулук күбөлүгүнөн 2 жылга ажыратылып, 80 миң сом айыпка жыгылат. Мас абалда жол кырсыгына кабылып, адам өлүмү менен коштолсо, 10 жылга чейин эркиндигинен ажыратылып, 12 жылга чейин транспорт каражатын башкара албайт.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан