Бүгүн, 27-июлда Жогорку Кеңештин депутаты Сүйүнбек Өмүрзаков Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына арналган иш-чарага катышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чаранын жүрүшүндө депутат кызматкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктап, мыйзамдуулукту жана коомдук коопсуздукту камсыз кылууга кошкон салымы үчүн бир катар кызматкерлерге Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ыраазычылык каттарын тапшырды.