Биз социалдык тармакта

Саммитке байланыштуу Тамчы-Чолпон-Ата жолу маал-маалы менен жабылат

30-июлдан 1-августка чейин “Тамчы” эл аралык аэропортунан Чолпон-Ата шаарына чейинки унаа жолу маал-маалы менен жабылып турат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Бул чектөөлөр Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен Азербайжандын президенти Ильхам Алиевдин мамлекеттик сапарларынын алкагында киргизилүүдө. Ошондой эле аталган күндөрү мамлекет башчыларынын катышуусунда “Борбор Азия - Азербайжан” саммити өтөт.

Буга байланыштуу жергиликтүү тургундар жана Ысык-Көлгө эс алууга келе турган жарандар жол жүрүүнү алдын ала пландаштырып, убактылуу чектөөлөргө түшүнүү менен мамиле кылууга чакырылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан