Курулуш министрлиги Жогорку Кеңештин депутаты Эрулан Кокуловдун Бишкектеги №64 мектепте жүрүп жаткан курулуш иштери боюнча айтканына түшүндүрмө берди.
Мекеме чөгүп жатат делген бетон убактылуу экенин белгиледи.
"Биринчи кабатта кыш коюу иштери үчүн М10 маркасындагы акиташ-кумдуу курулуш аралашмасы куюлуп турган. Бул аралашма топуракка куюлуп, сапаты начарлабаш үчүн алдына убактылуу бетон стяжкасы төшөлүп, бөлмө аралашма даярдоочу кампа катары убактылуу колдонулууда.
Мектептин имараттынын кыш коюу иштери толук бүткөндөн кийин убактылуу төшөлгөн бетон стяжкасы алынат. Андан соң топурак тыгыздалып, тапталгандан кийин ички канализация түтүкчөлөрү орнотулуп, долбоорго жана курулуш технологиясына ылайык жасалат",- деп айтылат маалыматта.