Чет элдик турист Кыргызстандагы жол тескөөчүнүн сылык мамилесине таң калды.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы кабарлагандай, чет өлкөлүк жаран кыргыз милиционеринин сылык, маданияттуу жана кесипкөй мамилесине суктанганын билдирген. Анын айтымында, өз өлкөсүндө жарандарга мындай деңгээлдеги сылыктык жана урмат-сый менен мамиле кылуу дээрлик кездешпейт.