АКШнын президенти Дональд Трамп АКШ келечекте Иранга каршы согушта кеткен чыгымдарын бир нече эселеп кайтарып аларын айтты.
"Биз Венесуэладан көп акча, миллиарддаган доллар алып жатабыз. Иран менен да ушундай болот",- деди ал Air Force One учагында журналисттерге. Ак үй анын пикирин YouTube'га жарыялады.
Айта кетсек, июль айында АКШнын коргоо министри Пит Хегсет АКШнын Иранга каршы аскердик операцияга жумшаган чыгымдары болжол менен 37,5 миллиард долларды түзгөнүн билдирген. Ошол эле учурда маалымат каражаттарынын билдирүүлөрүнө ылайык, Вашингтондун июнь айына карата чыгымдары 113,3 миллиард долларга жеткен.