
Акыйкатчы институту диний окуу жайлардын окуучуларынын билим алууга болгон укуктарынын бузулушуна тынчсыздануусун билдирди.
Мекеме былтыр ислам дини боюнча окуткан 7 облустагы 21 медресеге иликтөө жүргүзүлүп, бир катар олуттуу мыйзам бузууларды аныкталганын белгиледи. Анда көпчүлүк медреселердин документтери жоктугу, окуу программалары мамлекеттик билим берүү стандарттарына шайкеш келбестиги, медициналык тейлөө, санитардык-гигиеналык жана өрт коопсуздугунун талаптары сакталбагандыгы аныкталган.
Медреселердин көпчүлүгү юридикалык документинде каттаган даректе иш алып барбайт, такыр башка даректе иш алып барат. Окуучулардан алынган төлөмдөр ачык-айкын эмес жана расмий келишимдер жок. Көпчүлүк медреселер дин боюнча гана окутуп, мамлекеттик стандарттагы билимди балдар онлайн окушат.
Институт андыктан Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттикке, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгына, Башкы прокуратурага, Саламаттыкты сактоо министрлигине бир катар сунуштарды жөнөткөнүн тастыктады.
Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, Акыйкатчы институтунун сунуштамасынын негизинде 28 прокурордук чара көрүү актылары келтирилип, жыйынтыгында 9 кызмат адамы тартиптик жазага тартылган.