Евробиримдиктин санкциясына кабылган "ЭкоИсламикБанк" штаттык режимде иштеп жатат. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.
Маалымдалгандай, учурда банк сектору туруктуу, жетиштүү капиталдаштырылган жана ар кандай тышкы тобокелдиктерге жетиштүү ликвиддүүлүккө ээ. Коммерциялык банктар кардарларга үзгүлтүксүз банктык кызматтарды көрсөтүп жатышат.
Улуттук банк зарыл болгон учурда санкциялардын өлкөнүн финансылык системине мүмкүн болуучу таасирин азайтууга багытталган тиешелүү иштер жүргүзүлөрүн кошумчалады.