
Жалпы билим берүүнүн мамлекеттик стандартына ылайык, башталгыч класстардын окуучуларын баалоо тартиби өзгөрүүсүз калат.
Агартуу министрлигинин маалыматына ылайык, 1-класстан 3-класска чейинки окуучуларга салттуу баалар коюлбайт. Алардын билим жетишкендиктери сапаттык жана сыпаттык баалоо ыкмасы аркылуу аныкталат.
Ал эми 4-класстан тарта окуучулардын билимин баалоодо белгилерди коюу системи колдонулат.
Министрлик белгилегендей, бул ыкма башталгыч класстын окуучуларынын мектепке жана окуу процессине жеңил көнүшүнө шарт түзүп, алардын жетишкендиктерин кеңири баалоого мүмкүндүк берет.