Биз социалдык тармакта

Айдоочулардын эсине! Ысык-Көлдө унаа кыймылына чектөө киргизилет

30-июлдан 1-августка чейин Ысык-Көл облусунда "Тамчы" эл аралык аэропортунан Чолпон-Ата шаарына чейинки жолдун айрым тилкелеринде унаа кыймылына убактылуу чектөө киргизилет. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматына караганда, чектөө Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен Азербайжандын президенти Ильхам Алиевдин мамлекеттик сапарларына жана мамлекет башчыларынын катышуусунда өтө турган "Борбор Азия – Азербайжан" саммитине байланыштуу киргизилүүдө.

ИИМ жарандарды жол жүрүү багыттарын алдын ала пландап, убактылуу чектөөлөрдү эске алууга чакырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан