Бүгүн, 28-июлда UFC'нин мурдагы чемпиону Конор Макгрегор 2027-жылы октагонго кайтып келерин ишара кылды. Бул тууралуу чет өлкөлүк маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Ал социалдык тармактагы баракчасына "IFW 2027. Акыркы бий" (IFW 2027. The Last Dance) деп жазган. IFW - UFC'нин жыл сайын өтүүчү International Fight Week иш-чарасы. Макгрегордун билдирүүсү анын UFC'деги акыркы беттешин 2027-жылы өткөрүшү мүмкүн экенин билдирет.
Эске салсак, мушкер акыркы беттешин быйыл 11-июлда UFC-329 турниринде Макс Холлоуэйге каршы өткөрүп, тизесинен жаракат алгандыктан 69-секундда техникалык нокаут менен утулган. Бул ирландиялык мушкердин 5 жылдык тыныгуудан кийинки октагонго кайтышы болчу.