Социалдык тармактарга тараган видеого байланыштуу Бишкекте 36-автобус каттамынын айдоочусуна кызматтык териштирүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Бишкек шаардык транспорт муниципалдык ишканасынан билдиришти.
Маалым болгондой, айдоочу жөө өтмөктөн өтүп жаткан жөө жүргүнчүгө жол бербей, жол кыймылынын эрежесин бузганы аныкталган. Буга байланыштуу айдоочу ээлеген жумуш ордунан бошотулду.