Биз социалдык тармакта

Балыкчы-Бишкек багытындагы поезд таш бараңга алынды

Белгисиз адамдар Бишкек – Балыкчы багытындагы жүргүнчү поездин таш бараңга алышты. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасы кабарлады.
Маалымдалгандай, окуя кечээ, 27-июлда саат 22:54 чамасында Чүйдүн Новопокровка айылы тушта болгон. Анда белгисиз адамдар жүрүп бараткан поездди эки тарабынан атайылап таш менен ургулашкан.
Бул жорук жүргүнчүлөрдүн жана поезд бригадасынын кызматкерлеринин ден соолугуна коркунуч жараткан. Таштардын бири вагондун терезесинин айнегин сындырып, вагондун ичине кирген. Окуянын кесепетинен бир нече вагондун терезелери жабыркаган.
Бул факт боюнча материалдар укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.
Айта кетсек, өлкөдө мындай окуя биринчи катталып жаткан жок. Буга чейин да жүргүнчү ташыган поезд бейбаштар тарабынан таш бараңга 2 жолу алынган.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Azat-123
2026-07-28 16:07:00
Караңгылар, камап койсо анан ыйлап чыгышат: менин балам андай эмес болчу деп
+1
karona
2026-07-28 16:57:00
Мынча сабатсыз, жапайы адамдарбыз?! Ыйман-ынсап берсин...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан