Жыл башынан бери Орусияда 194 кыргызстандыктын мурда төлөнбөй калган эмгек акысы өндүрүлүп берилди. Бул тууралуу 28-июлда Эмгек министрлиги кабарлады.
Маалымдалгандай, өндүрүлгөн сумма 14 миллион 373 миң 900 рублду түзгөн. Мындан тышкары, өндүрүштө жаракат алган Кыргызстандын 3 жаранына 4 миллион 550 рубль кенемте өндүрүлгөн.