Биз социалдык тармакта

Кыргызстанда жаңы окуу жылына чейин 25 миңден ашуун мугалимдин квалификациясы жогорулатылат

Кыргызстанда жаңы окуу жылы башталганга чейин 25 миңден ашуун мугалим квалификациясын жогорулатуу курсунан өтөт. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, окутуу башталгыч класстардын (1–3-класстар) мугалимдери, ошондой эле 5, 7 жана 8-класстарда математика жана табигый илимдерди окуткан педагогдор үчүн уюштурулат.

Курстар жаңыланган мамлекеттик билим берүү стандарттарына, окуу программаларына жана жаңы окуу-методикалык комплекстерге ылайык өткөрүлөт. Бул иштер мектептерде 12 жылдык билим берүүгө өтүүгө байланыштуу жүргүзүлүүдө.

Алгач окутууну өткөрө турган 455 тренер-методист даярдалат. Алар Бишкек жана Ош шаарларында атайын окуудан өтүп, кийин өз аймактарында мугалимдерге сабак беришет.

4–7-август күндөрү Ош мамлекеттик педагогикалык институтунда Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тренер-методисттери үчүн, ал эми 10–13-августта Бишкек шаары жана Чүй, Ысык-Көл, Нарын, Талас облустарынын өкүлдөрү үчүн окуу курстары өтөт.

Окутууга Республикалык педагогдордун квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун, Кыргыз билим берүү академиясынын жана «Окуу китеби» басма үйүнүн өкүлдөрү тартылат.

Эске салсак, жаңы окуу жылы 15-сентябрда башталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан