Биз социалдык тармакта

Марлен Маматалиев Караколдогу социалдык объекттердин абалы менен таанышты

Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Каракол шаарындагы социалдык, билим берүү жана эс алуу объекттерин кыдырды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш сапардын жүрүшүндө төрага жаңы уюштурулган пляж аймагындагы көрктөндүрүү жана инфраструктуралык иштер менен таанышып, туристтик потенциалды арттырууга багытталган долбоорлор тууралуу маалымат алды.

Ошондой эле ал №7 орто мектебине барып, оңдоо иштеринин жүрүшүн жана билим берүү сапатын жакшыртуу боюнча пландарды карады. Мындан сырткары, 1989-жылы курулган №4 жана №5 бала бакчалардагы оңдоп-түзөө иштеринин жыйынтыктары менен таанышып, балдардын коопсуздугу жана заманбап шарттарды түзүү мамлекеттик саясаттагы артыкчылыктуу багыт экенин белгиледи.

Депутаттар Караколдогу "Восход" эс алуу аймагын жана шаардык паркты да кыдырып, алардын инфраструктурасын жакшыртуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат алышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан