18-июндан 3-июлга чейин Бельгияда катталган аптап ысык Европадагы башка өлкөлөргө салыштырмалуу эң көп адамдын өмүрүн алган. Бул тууралуу EuroMOMO өлүм көрсөткүчтөрүн көзөмөлдөөчү европалык тармак жана Sciensano изилдөө институтунун маалыматтарында айтылат.
Маалыматка ылайык, экстремалдуу ысыктан улам өлкөдө каза болгондордун саны кадимки көрсөткүчкө салыштырмалуу 2 миң адамга көбөйүп, 48 пайызга өскөн. Өлүмдүн эң жогорку көрсөткүчү 27-июнда катталып, ошол күнү 651 адам каза болгон. Бул XXI кылымдагы өлүм саны боюнча экинчи эң жогорку көрсөткүч болуп калды.
Аптап ысыктан жабыркаган өлкөлөрдүн катарында Франция жана Нидерланд да бар. Ал жактарда өлүм көрсөткүчү тиешелүүлүгүнө жараша 23 жана 13 пайызга көбөйгөн.
22–28-июнь аралыгында Европанын 27 өлкөсүндө ысык аба ырайына байланыштуу кеминде 10 миң 650 адам көз жумган. Алардын 9 миңден ашыгы 65 жаштан улуу адамдар болгон.
Sciensano институтунун маалыматына караганда, бул Бельгияда 2000-жылдан берки эң өлүмдүү ысык болуп калды. Адистер муну аптаптын узакка созулганы, абанын өтө жогорку температурасы жана озондун көбөйүшү менен түшүндүрүшөт.
Белгилей кетсек, Бельгияда суткалык өлүм көрсөткүчү коронавирус пандемиясынан берки эң жогорку деңгээлге жеткен. Акыркы жолу мындай көрсөткүч 2020-жылдын 10-апрелинде катталып, бир күндө 675 адам каза болгон.