Биз социалдык тармакта

Министрлер ырдап-бийлеп… Өзбекстандын маданият күндөрү жыйынтыкталды

Бүгүн, 28-июлда Ысык-Көлдө өткөн Өзбекстандын маданият күндөрү жыйынтыкталды.

Иш-чаранын экинчи күнү өзгөчө концерттик программа менен коштолду. Анда Өзбекстандын маданият министри Озодбек Назарбеков сахнага чыгып, жандуу ырдап, көрүүчүлөргө жагымдуу маанай тартуулады. Ал өз сөзүндө Ысык-Көлдүн кооздугун бермет сымал баалуу экендигин белгилеп, бул жерде ар кайсы улуттун өкүлдөрү эс алып жатканын айтты. Ошондой эле өз чыгармаларынын бирин кыргыз тилине которуп аткарды.

Концерттин жүрүшүндө Озодбек Назарбековдун ырларына эл бийлеп, аларга Кыргызстандын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев да кошулду.

Белгилей кетсек, Өзбекстандын маданият күндөрү 28–29-июль күндөрү өттү. Анда кошуна өлкөдөн келген 200гө жакын чыгармачыл инсандардын катышуусунда маданий кечелер уюштурулду.

Концерт
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан