Италиянын "Коза Ностра" мафиясы Украинадагы жаңжалдан улам пайда болгон "кара базар" аркылуу миномёттук дрондорду жана башка заманбап куралдарды сатып алууга кызыгып жатат.
Бул тууралуу Палермо шаарынын прокурору Маурицио де Лючия парламенттин мафияга каршы күрөшүү боюнча комиссиясынын жыйынында билдиргенин чет элдик маалымат каражаттары жазышты.
Анын айтымында, мурда мафия Югославиядагы согуштан калган куралдарды сатып келсе, азыр арсеналын жаңыртууга аракет кылышууда. Ошол эле учурда укук коргоо органдары дрондор менен жасалган чабуулдарга толук даяр эмес экенин белгилеген.
Прокурор түрмөлөрдөгү байланыш көйгөйүнө да токтолуп, мафия мүчөлөрү уюлдук телефондор аркылуу кылмыштуу топторду башкарууну улантып жатканын айткан. Палермо шаарындагы 2 түрмөдөн 2025-жылы жана 2026-жылдын биринчи жарымында 297 телефон табылган.
Ошондой эле Маттео Мессина Денаро аттуу мурдагы мафия башчысынын активдери боюнча жүргүзүлгөн тергөөнүн алкагында 200 миллион еврого бааланган мүлк камакка алынганы маалымдалды.