АКШ Кытайдан жаңы гуманоид жана төрт буттуу роботторду импорттоого тыюу салды. Бул чечим өлкөдөгү жасалма интеллекттин өнүгүшүн улуттук коопсуздукка байланышкан коркунучтардан коргоо максатында кабыл алынганын Reuters агенттиги билдирди.

Мындан тышкары, кайра жаралуучу энергия булактарын жана аккумуляторлорду электр тармагына туташтыруучу айрым инверторлорду алып кирүүгө да чектөө киргизилди. Тыюу азырынча АКШнын Федералдык байланыш комиссиясынан (FCC) сертификат ала элек роботтор менен инверторлорго гана тиешелүү. Ошол эле учурда FCC буга чейин сатууга уруксат берилген айрым моделдердин уруксатын жокко чыгарууга да укуктуу.
АКШ бийлиги бул чаралар киберчабуулдардын, маалымат уурдоонун жана башка коопсуздук коркунучтарынын алдын алууга жардам берет деп эсептейт. Ошондой эле бийлик компанияларды өндүрүшүн АКШга көчүрүүгө үндөп жатканы айтылууда.
Кытайдын Вашингтондогу элчилиги Пекин АКШны эки өлкөнүн ишкер чөйрөсүнүн объективдүү жана жүйөлүү пикирлерин эске алууга, кытайлык компанияларды негизсиз каралап, аларга санкция менен коркутууну токтотууга чакырганын билдирди. Ошондой эле Кытай бийлиги жооп чараларын көрүүгө даярданып жатканы маалымдалды.