Биз социалдык тармакта

25-августта "Жусуп" тарыхый көркөм тасмасынын бет ачары өтөт

Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн негиздөөчүлөрүнүн бири, көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Жусуп Абдрахмановго арналган "Жусуп" аттуу толук метраждуу тарыхый-драмалык көркөм тасма тартылды.
Маданият министрлигинин маалыматына ылайык, тасма XX кылымдын биринчи жарымындагы тарыхый окуяларды чагылдырып, Жусуп Абдрахмановдун кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөөдөгү ордун жана анын элине жана мекенине болгон берилгендигин баяндайт. Тартуу иштери Кыргызстанда, Орусияда, Казакстанда жана Өзбекстанда жүргүзүлгөн.
Көркөм тасманын улуттук бет ачары 25-августта өтүп, Эгемендүүлүк күнүнүн 35 жылдыгына, Кыргыз АССРинин түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана Жусуп Абдрахмановдун туулгандыгынын 125 жылдыгына арналат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан