Президент Садыр Жапаровдун чакыруусу менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 30-июлда Кыргызстанга мамлекеттик сапары менен келет.
Өлкө башчынын администрациясы билдиргендей, сапардын жүрүшүндө бетме-бет форматта жана кеңейтилген курамда сүйлөшүүлөрдү өткөрүү пландалууда.
Сапардын жыйынтыгында бир катар мамлекеттер аралык, өкмөттөр аралык жана ведомстволор аралык документтерге кол коюу мерчемделген.