
Бишкек шаарында 31-июль жана 1-август күндөрү ачык асман алдындагы музыкалык кечелер уюштурулат. Мэриянын маалыматына ылайык, иш-чаралар саат 19:00дө Ала-Тоо аянтындагы фонтан аймагында өтөт.
Кеченин алкагында кыргыз эстрадасынын белгилүү ырчылары жана чыгармачыл топтору өз өнөрлөрүн тартуулашат. Конокторду сүйүктүү ырлар, жагымдуу маанай жана кызыктуу концерттик программа күтөт.
Муниципалитет шаар тургундарын жана конокторун жайкы кечтерди борбордук аянтта көңүлдүү өткөрүүгө чакырды.